7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: «Кумтөрдү башынан эле туура эмес иштетишкен. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмес

616

“Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип ишти бузуп албайлы,- деди Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп жатып.

«Мен буга чейин берген маегимде айттым эле. “Кумтөр” боюнча келишим 4-июлда күчүнө кирет. Ошондон кийин толук маалымат берейин. Келишим күчүнө киргенге чейин туура эмес сөздөр айтылып кетип ишти бузуп албайлы. Ал эми экология боюнча мурда кандай сөздөрдү айткан болсом, азыр да ошол эле пикирде турам. Ооба, экологиябыз абдан талкаланган. “Кумтөрдү” башынан эле туура эмес иштетишкен. Адис эместер башкарган. Ошол үчүн буга чейин канча жолу катастрофалар болгон. Жүзгө жакын жараныбыз өлгөн. Эң акыркы эле 2019-жылы болгон катастрофада эки жараныбыз каза тапты. Сөөгү табылбай калды го? Мындан ары да катастрофалар болот. Буга мен же Теңиз Бөлтүрүк күнөөлүү эмеспиз. Кайсы күнү эмне болуп кетерин бир Кудай өзү билет, ушуну унутпагыла. Анткени иштин башы 1990-жылдарда эле туура эмес башталган. Эгер чыныгы адистер баштаганда мындай катастрофалар болмок эмес.

Бир нерсени эсиңерге түйүп койгула. Биз “Кумтөрдү” 99 пайыз кыргыз элинин пайдасына чечтик. Аны жакында ийне-жибине чейин толук айтып берем.

Ал эми коомчулуктун арасында нааразычылык айтып жүргөндөр “Кумтөргө” жумушка кире албай калган же эскилиги жеткен менчик техникасын киргизе албай жүргөн анча-мынча шылуундар бар. Биринчиден, “Кумтөр” каалоочулардын баарын ишке ала бергидей резина эмес. Экинчиден, нааразы болгондордун эски техникаларын, «41-жылкы» иштебеген буровой станокторун ишке киргизип коюп, жел акча алып жүргөн баягы “Кумтөр” жок. “Кумтөр” мындан ары мамлекеттики. Азыр ар бир тыйын, ар бир техника көңүл чордонунда, ушуну унутпагыла. Техникаңдын “Кумтөргө” пайдасы барбы, алат, пайдасы жокпу, баш тартат. Канадалыктар жаман үйрөтүптүр баарын. Кыйкырып чыгам, жолду тосом десе эле каалаганын кылып, иштебеген станокторун “Кумтөргө” киргизип коюп, ал үчүн акча төлөп берип жүрүшүптүр. Мындан ары ушундай көрүнүштөр уланса, эки жак тең “Кумтөр” да, жеке тарап да жоопко тартылышат, камалышат. Ошол үчүн “Кумтөр” тарап толгон-токой коррупциялык иштерден баш тартып жатат. Албетте, бекер жеп жүргөн “жеминен” ажырагандар нааразы болуп жатышат»,- деди президент Жапаров.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

617