Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда жайгашкан супермаркеттердин биринен бейтааныш киши кызды таанышпай койгондугу үчүн ур-токмокко алган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Бул окуя тууралуу аталган жабырлануучу кыз өзүнүн инстаграм баракчасына дагы жазып чыккан.
Маалыматка ылайык, окуя 28-май күнү түнкү саат 3:20 чамасында супермаркеттердин биринде болгон. Анда белгисиз киши кызга кол көтөрүп сабап салган. Ошол эле күнү кыз Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кайрылып, ал адамга чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган.
Бул факт Октябрь РИИБнин ЖИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алынган жаракаттар боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Э.А. аттуу 1982-жылы туулган шектүү кармалган. Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин шектүү бошотулган.
Бул окуя тууралуу жабырлануучу кыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына белгисиз жарандан токмок жегенин жазган. Ал өз сөзүндө төмөндөгүлөрдү билдирген:
«Курбуларым менен эс-алууга барганбыз. Ал жактан чыгып алып, үйгө бара жатканда акчам жок болгондугуна байланыштуу таксиден түшүп карточкамдан акча алайын дегем. Аркамдан бейтааныш киши келип таанышууну сунуштаганда, мен баш тарткам. Сүйлөгөнүнө маани бербей, банкоматтан мага керектүү акча алынбай калып, башка жерге кетейин дегенимде бетиме муштуму менен чаап, колуңда болгон нерсени бер деди. Бир эле карточкам бар экендигине жини келдиби айтоор бетиме бир нече жолу чаап салды. Колум менен бетимди жапканга аракет кылып, ыйлап тынчтаныңызчы деп сурандым. Сени өлтүрүп коём деп коркутуп жатканында таксист келип калып жардам берди. Менин алым жок болуп жардамга дагы чакыра албадым. Менин оюмча ал жакын жерде жашайт, анткени шорта ,футболка жана үйгө кие турган бут кийим(тапочки) менен жүргөн»- деп жазган.