7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Солтон-Сары алтын кенине барды (фото)

721

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы инвестор өз убагында тиешелүү инфраструктураны куруп баштап, бирок 2019-жылы жергиликтүү тургундар тараптан нааразылыктан соң бардык ишмердүүлүгүн токтоткон Бучук тилкесин карап чыкты. Бул тилкедеги чалгындалган алтындын кору 12 тоннаны түзөт, ошону менен бирге геологдордун божомолдору боюнча баалуу металлдын запасы дагы 22 тоннаны түзүшү мүмкүн.

Садыр Жапаров бул ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын белгилеп, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.  Андан соң Президент Солтон-Сары кен жайында 1994-жылдан тартып Алтын-Төр тилкесин иштетип келе жаткан «Солтон-Сары кени» ишканасына барды. Ишкана «Кыргызалтын» ААК филиалы.

Мамлекет башчысына ишкананын негизги көрсөткүчтөрү, аткарылган тоо иштеринин көлөмү, бюджеттик төлөмдөрү, иштетитлген инвестициялардын суммасы, инвестор-компания «Авелум Партнер» тарабынан пландалып жаткан кошумча салымдар тууралуу маалымат берилип, ошондой эле алтын чыгаруучу фабриканын иши көрсөтүлдү.

Азыркы учурда «Солтон-Сары кени» филиалы жана «Авелум Партнер» ЖЧК достук келишимдин негизинде Алтын-Төр тилкесинде комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.

«Кыргызалтын» ААК мамлекеттик компаниясын өнүктүрүү максатында Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга ага өлкөнүн аймактарынан кошумча кен жайларын иштетүү үчүн бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алар бир катар көйгөйлүү маселелери менен кайрылшыты, анын ичинде экология жана жол түйүндөрүнө тиешелүү.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарды кунт коюп угуп, аларга жооп берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

722