7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Социалдык багыт — биздин саясаттын негизги багыты»

400

«Социалдык багыт — бул биздин саясаттын негизги багыты», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн Биринчи Элдик Курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

«Элдин турмушун жакшыртууга, мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган ар бир кадам мамлекеттик бюджетке барып такалгандыктан, биз бийликке келгенден тарта өлкө казынасынын каржысын көбөйтүүгө бар күч-аракетибизди жумшап келебиз. Ошондуктан фискалдык саясатты күчөтүп, кирешелерди көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жолун издедик. Жыйынтыгында, 2020-жылдагы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрү 248 миллард сомду түзсө, 2021-жылдын жыйынтыгында ал эч бир кошумча салык киргизбестен, салыктардын төлөмдөрүн жогорулатпастан, тескерисинче, кээ бир салыктын түрлөрүн жоюп, 313,0 миллиард сомго жетти. Буга чейин айтып келгенибиздей, быйыл бул көрсөткүчтү 400,0 миллард сомго, кийинки жылы 500,0 миллард сомдон ашырууну өжөрлүк менен көздөп турабыз. Бул — мурда коррупциялык жолдор менен кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп турган каражаттарды бюджетке буруу деген сөз. Кудай буюрса, биз бул максатыбызды да жүзөгө ашырабыз. Мындай караганда, аталган сандар кургак миллиарддарды көрсөткөнү менен, ар бир сомдун аркасында адам тагдыры, мамлекеттин келечеги турганын түшүнүп жатасыздар», — деди Мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров өлкө казынасынын кирешесин арттыруунун натыйжасында 2020-жылдын октябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 193 социалдык объекттин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлдү, деп билдирди.

«Кайрымдуулук фонддорунун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, донорлордун каржылоосунун негизинде дагы бир топ социалдык обьекттер курулуп, ишке киргизилди. Миллиарддаган каражаттарды көп жылдар бою көтөрүлбөй калган айлык маяналарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды көтөрүүгө, мектептерди, соцобъекттерди курууга жана аскердик коргонуу тармагына жумшап жатабыз. Ансыз болбойт эле. Социалдык багыт — биздин саясатыбыздын башкы багыты.

Өзгөчө дүйнөлүк экономикалык кризис тооруп, баалар кымбаттап, жашоо-турмуш оорлоп турган мезгилде.

Мындан башка бир нече даяр бизнес-пландарыбыз бар, алар ийгиликтүү ишке ашып, жаңы жумуш орундары түзүлөт деп ишенебиз», — деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

401