«Эки баштуу ажыдаарга айланган бул коррупциянын бир башын кессек, кайра экинчи башы өсүп, дале токтобой келатат»,- деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн Биринчи Элдик Курултайында сүйлөгөн сөзүндө.
«Өлкөнү ичинен кемирип жеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө, алга жылуусуна кедергисин тийгизип, бардык тармактарга тамырын кеңири жайып кирип алган коррупция көйгөйү дагы деле бар. Коррупция тамырын ушунчалык кенен жайган экен, биз өлкө башына келген күндөн тартып, башкы милдетибиз катары карап, ага каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөнүбүзгө карабай, коомчулуктагы бул илдеттен али толук тазаланууга жетише албай келатканыбызды ачык айталы. Эки баштуу ажыдаарга айланган бул коррупциянын бир башын кессек, кайра экинчи башы өсүп, дале токтобой келатат. Бирок кол куушуруп, шалдайып отуруп калган жерибиз жок, коррупция менен айыгышкан күрөш уланып жатат.
Биз 7 миллион калк болуп, учугубуз уланып, канат-бутагыбыз жайылды дегенибиз менен, Кыргызстан – алакандай эл, уй түгүндөй коңшуларга караганда, бизде бири-бирин жакшы тааныйт, ким эмне менен дем алып, кантип байып жатканын кыраакы элибиз жакшы билет. Ошентип, ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү, схемаларды түзүп алып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгындагы каражаттарды сол чөнтөккө сологондордун жолун тороп, бийлик мыйзам укуругун салып келет. Мыйзам чегинде чара көрүү менен мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуртуу иштери уланууда. Сиздер менен биргеликте Курултайдын күчүн коррупцияга каршы күрөшкө туура багыттай алсак, натыйжасы сөзсүз болот деп ишенем.
Элдик Курултайда талкуулана турган башкы маселелердин бири да ушул коррупциянын кесепети жана аны алдын алуу иштерине басым жасоого жапа тырмак киришсек дегим келет. Эгер элибиз коррупционерлерди “тууганым эле, жердешим эле” деп коргоп чыга берсе, анда биз бул илдеттен эч убакта кутула албайбыз.
Элибиз коррупционерлерди, мамлекеттик, демек, элдик мүлккө суук колун салгандарды жалпы жектесек, аларга болушпасак, “Коррупционерсиңби, мыйзам алдында жазаңды тарт!” десек, ошондо гана биз биргеликте коррупцияны жеңет элек»,-деди президент.