7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Түркиядагы иш сапардан кайтып келди, кандай иштер аткарылды \тизме

1274
Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына расмий иш сапары жыйынтыкталды.
  • Мамлекет башчысынын иш сапары Анкара шаарындагы «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар коюу менен башталган.
  • Андан ары Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен тет-а-тет форматында жолугушту жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты.
  • Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
  • Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты.
  • Ошондой эле, Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.
  • Иш сапарынын экинчи күнү Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышуудан башталды.
  • Анда Жапаровго СПТББнын Экономика жана технология университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.
  • Бул жерде Президент Садыр Жапаров ири түрк ишкерлеринин өкүлдөрүнүн астында сөз сүйлөдү. Аларга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык жагымдуулугу көрсөтүлдү. Президент ак ниет инвесторлордун демилгелерин колдоого жана аларга максималдуу жардам көрсөтүүгө толук даяр экендигин билдирди.
  • Андан соң Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.
  • Ошондой эле, Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларында жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.
Кече, 11-июнь кечинде, Президент Түркиядагы расмий иш сапарын жыйынтыктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1275