Эртең, 12-июнда дээрлик бардык облустарда, тоолордо өткүн өтүп, жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда нөшөр болушу мүмкүн.
Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Талас дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,
Бишкек шаарында өткүн өтөт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +29…+31 градус болот.