7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент токтоп турган иш каналарды кайра иштетүүнү тапшырды

731

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-майда, «Бишкек машина куруучу заводу» (БМЗ) Ачык акционердик коомуна жана «Бишкек штамптоочу заводу» (БШЗ) мамлекеттик ишканасына барып, ошондой эле «Кыргызиндустрия» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы заводдордун өндүрүш аймактарын, токтоп турган цехтерди жана ишканалардын объектилерин көрүп чыкты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров президентке аталган объектилердин кубаттуулуктарын жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иштер тууралуу, тактап айтканда, бул жерде жаңы өндүрүш аянттарын, технопарк сыяктуу ири объектилерди ачуу үчүн чет элдик инвестицияны тартуу жөнүндө маалымат берди.
Мындан башка ал жакка барган маалда президентке министрлер кабинетинин токтому менен мамлекеттин 100% катышуусунда 1 млрд сом уставдык капиталы менен түзүлгөн «Кыргызиндустрия» ААК ишке ашырып жаткан долбоорлорду көрсөтүп, тааныштырышты.

Бүгүнкү күндө ААКда жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандырууга багытталган бир катар конкреттүү долбоорлор бар.
Учурда «Кыргызиндустрия» ААКсы 19 долбоорду ишке ашырып, анын 9у толук кубаттуулукта иштеп, өз продукциясын чыгара баштады. Бирок кошумча каражатты берүү токтотулгандыктан, калган 10 долбоорду ишке ашыруу азырынча токтотулган.
Маалыматты уккандан кийин, Садыр Жапаров «Кыргызиндустрия» ААКнын токтоп калган долбоорлорун ишке ашырууну кайра баштоонун, ошондой эле жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн жана токтоп турган цехтерди модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мамлекет башчысы ата мекендик экономикага түрткү бере турган өлкөнүн өнөр жай тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн өндүрүштүк потенциалды жана заводдордун аймактарын максималдуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетине инвестиция тартууну, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732