7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УЕФА чемпиондор лигасы быйыл Түркияда өтөт. Гранд финалга чейин Стамбулду кыдырууга даярсызбы?

353

УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалдык оюндары быйыл Түркияда өтөт. Дүйнөнүн эң маанилүү спорттук иш-чарасы 2023-жылдын 10-июнунда Стамбулдагы Ататүрк Олимпия стадионунда башталат. Футбол күйөрмандарын көптөгөн сыйлыктар жана эң кызыктуу жолугуушулар күтөт.
Кызыктуу маданияты жана искусствосу, жашоосу, даамдуу ашканасы, тарыхый жерлери, уникалдуу шаар архитектурасы, жандуу түнкү жашоосу жана кеңири соода мүмкүнчүлүктөрү менен өзгөчөлөнгөн Стамбул футбол күйөрмандары үчүн өзгөчө саякат тартуулайт. Оюндар финалына чыкканга чейин сиз дүйнөнүн эң суктанган мегаполисин бир жума бою кыдырып, динамикалуу шаар, анда агылган жашоо, атмосферадан энергия алып кетсеңиз болот. Өзүңүз үчүн жаңы ачылыштарды жасай аласыз. Ар түрдүүлүктөн көзүңүз эс алып, көңүлүңүз ачылат.

ЧЕМПИОНДОР ФЕСТИВАЛЫ
УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына арналган Чемпиондор Фестивалы 2023-жылдын 8-11-июнь күндөрү Стамбулдагы Йеникапы фестиваль майданында өткөрүлөт. Ал эми УЕФАнын акыркы чемпиондор турнири 9-июнда саат 16:00дө башталат. Спорттук иш-чарага Chris Luno B2B Ceaus, Guillaume de Kadebostany жана Lost Frequenciesтер түзгөн 2 диджей группасы да чакырылган. Түркиянын расмий туризм таанытуу платформасы GoTürkiye программасы UEFA’нын элчилеринен бири болуп саналат.

БАЙЫРКЫДАН КАЛГАН БАЙ МУРАСТАР
Стамбул өзүнүн көп маданияттуу өзгөчөлүгүн жана бай тарыхын чагылдырган тарыхый жерлери жана архитектурасы менен дүйнө жүзү боюнча миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат. Көптөгөн цивилизациянын очогу болгон шаар, стратегиялык маанилүүлүгү, түрдүү доор жана маданияттардын издери калган тарыхый имараттары менен баалуу да, барктуу да болуп келет. «Тарыхый жарым аралда» шаардын көптөгөн кооз имараттары жайгашкан. Стамбулду бир тарабынан байыркы шаар дубалдары, экинчи жагынан Босфор, Мармара деңизи жана Алтын мүйүз аралы курчап турат. Ошондой эле байыркыдан калган Аясофия, Топкапы сарайы, Көк мечит, Стамбул археологиялык музейи туристтерди жана саякатчыларды өзүнө тартат.
Стамбулдун мунаралары да сөзсүз баш багып, көрүп кететурган жер. Шаарга бийиктен көз саламын десеңиз анда Галата мунарасы чыгыңыз. Ал эми Кыз мунарасы Стамбулду тап такыр башка ракурстардан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ИСКУССТВО МЕНЕН МАДАНИЯТ АЙКАЛЫШКАН КАЛАА
Стамбул шаары байыркы доордун маданий динамизми менен каада-салттарын айкалыштырган музейлери, заманбап искусство галереялары, маданий борборлору, сүрөтчү жана дизайнерлерге толгон көчөлөрү, концерттик аянтчалары менен чыгармачыл адамдар үчүн табылгыс байлык, казына десек болот.
Стамбулга барардан мурун Ататүрк маданий борбору (AKM) жана Santral Стамбул сыяктуу заманбап искусство борборлорунун июнь календарын карап, ар кандай шоу жана иш-чараларга орун ээлеп коюңуз. Пера музейи, Атлас кино музейи, Стамбул Модерн сыяктуу музейлерди кыдырып, заманбап искусствонун атмосферасын сезе аласыз.

ТАҢ КАЛТЫРГАН ТАМАК-АШ МАДАНИЯТЫ
Стамбул тамактын түрүм менен башкаларды алдыга салдырбаган байыркы калаа. Кылымдар бою түрдүү маданияттар тарабынан калыптанган өзгөчө түрк ашканасы бул шаарды зыярат кылуунун негизги себептеринин бири болуп саналат.

БАЙЫРКЫ БАЗАР
Стамбул тарыхый базарлары, люкс бутиктери жана дизайнер дүкөндөрү менен зыяратчыларга бай соода тарыхын көрсөтөт, тартуулайт. Сиз шаардын байыркы атмосферасын сезе аласыз. Чыныгы колго жасалган килемдер, кафель менен жабылган керамика жана салттуу кол өнөрчүлүк сыяктуу сувенирлерди Чоң базар жана Татымал базары сыяктуу тарыхый соода жайларынан сатып ала аласыз. Таксим менен Нишанташыдан болсо дүйнөгө таанымал дизайнерлердин акыркы мода буюмдарын да жолуктурасыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

354