7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Тоолорубузду сактоо максатында жыл сайын 6 млн даана көчөт отургузууну ишке ашыра баштадык

741

Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы иш-чарасынын ачылыш аземинде видео кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу төрага, урматтуу Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун башкы директору Цюй Дунъюй мырза, бүгүнкү иш-чаранын ачылыш аземинин бардык катышуучуларына салам жолдоп жатканыма абдан кубанычтамын! Биз бүгүн Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын ачылышына байланыштуу өзгөчө окуяга чогулуп жатабыз. Мен Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна жана Тоо шериктештигинин катчылыгына бүгүнкүдөй глобалдык маанилүү иш-чараны өткөрүп жатканы үчүн чын жүрөгүмөн ыраазычылыгымды билдирем.

Үстүбүздөгү 2022-жыл – маанилүү-маңыздуу өзгөчө жыл. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгондугунун 30 жылдыгын белгилеп жатып, мамлекетибиздин тоолуу өлкөлөрдүн БУУдагы жалпы кызыкчылыктарынын ишенимдүү колдоочусу болгондугуна сыймыктанам.

Бириккен улуттар уюму менен биздин биргелешкен жетишкендиктерибиз арбын. Ага Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо тууралуу бүгүнкү иш-чара дагы айдан ачык мисал. Тоолор боюнча эл аралык кызматташтык боюнча мындан жыйырма жыл мурун Кыргызстанда өткөн биринчи Глобалдык тоо саммити эсимде. Биздин боордош өлкөлөрдү жарыяланып жаткан Эл аралык тоо жылы жана Тоо шериктештигинин түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктап жатканыма куштармын! Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Тоо шериктештигинин катчылыгынын ак ниет ишмердигин жогору баалагандыгымды жана ага ыраазычылыгымды билдирип кетейин!

Мен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарын толугу менен колдой тургандыгын дагы бир жолу ырастагым келет. Биз Туруктуу өнүгүү жолунда, өзгөчө, тоолуу аймактарда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Мен дүйнө коомчулугуна социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөр тууралуу өткөн жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарында, Кунминдеги Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча БУУнун Конвенциясына кирген Тараптардын конференциясында, Глазгодогу Климат саммитинде жана жакында эле Японияда өткөн Азия — Тынч океан суу саммитинин 4-сессиясында да кеңири маалымат бергем. Аталган көйгөйлөрдү чечүү максатында мен 2022-жылды Кыргызтан үчүн Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялагам. Анын алкагында биздин тоолорубузду сактоо максатында «Жашыл мурас» аттуу улуттук программа башталды. Бул программанын негизинде, жыл сайын өлкө боюнча 6 млн. даана көчөт отургузууну көздөп, ишке ашыра баштадык.

Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

Мен 2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн шериктеш болгон тоолуу өлкөлөрдү глобалдык өнүгүүнүн күн тартибинде турган жалпы кызыкчылыктарыбызды алдыга жылдырууну жандандырууга чакырам. Ушуга байланыштуу бардыгыңыздарды Бириккен Улуттар Уюмунун тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатындагы беш жылдык иш-аракеттер планын кабыл алуу боюнча биздин демилгебизге кошулууга үндөөр элем. Бириккен Улуттар Уюмуну Тянь-Шань, Алтай, Урал, Гималай, Альпы, Кордельер жана Атлас тоолуу өлкөлөрү менен биргелешип иштеп, жаратылышы кооз көптөгөн тоолуу аймактардын жашоочуларынын өнүгүп, гүлдөп-өсүшүнө тез арада түз жардам берерине бекем ишенем.

Кайрылуумдун соңунда Кыргызстандын эл аралык тоо кызматташтыгына ачык-айкындыгын жана даяр экендигин ынандырып кетүүгө уруксат этиңиздер.

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!»,-деди өлкө башчы.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742