7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент цирктин имаратын күтүүсүз текшерип барды

760

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барды.

Мамлекет башчысы имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Буга чейин бир нече жолу ЖМКларда цирктин аянычтуу абалы тууралуу маалымат тараган.

Мамлекет башчысы жамаат менен болгон маегинде циркти капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаттары бөлүнүп, жакынкы арада оңдоо иштери башталаарын белгиледи.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун айтымында, учурда цирктин директору кызматына талапкерлер конкурстук тандоодон өтүп жатат.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров чыгармачыл жамаатты биримдикте болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүү үчүн биргеликте умтулууга, анын өнүгүшүнө тоскоол болуучу топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды.

Ошондой эле цирк кызматкерлери тарабынан айтылган маселелер боюнча башка да тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761