7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Тышкы карызды керек болсо бир күндө төлөп салса болот, бирок шарт деген бар…

214

Кыргызстан 2035-жылдарга барып, тышкы карыздардан кутулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, тышкы карыздарды керек болсо, бир күндө төлөп салууга болот. Бул үчүн каражаттар жетиштүү. Бирок ал карыздарды алган учурдагы келишимдер боюнча эрте төлөп салуу бизге пайдасыз болуп чыкты.

“Келишимдерде убагынан эрте төлөсөк үстөк пайыздары көбөйөт, айып пул кошулат деген сыяктуу шарттары бар экен. Ошондуктан карыздарды ар жылдын аягында канча төлөш керек болсок, ошончо суммада төлөп кете беребиз. Ошентип, 2035-жылдарга барып илгертен бери алган карыздарыбыздан жеңил эле кутулабыз. Беш жыл мурда эле тышкы карыздан кутулуш үчүн шакек, иймектерибизди чогулталы деп жүргөн кезибиз”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

215