7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Учкун» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

515

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, “Учкун” ААКсына барып, ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ал жакка барганында мамлекет башчысына чыгарылып жаткан продукциялар, тактап айтканда, жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын көлөмү, газета-журнал цехинин иши жана мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров басмакананын жетекчилиги даярдалып жаткан продукциянын сапатына, анын ичинде окуу куралдарына тийиштүү мөөнөттө чыгарууга жетишүүсүнө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө “Учкун” бардык керектүү техника менен жабдылганын жана мамлекеттик маанидеги документтерди, анын ичинде паспортторду өз алдынча чыгара аларын айтты.

Садыр Жапаров көп жылдар бою тамырлап, өлкөгө миллиарддаган сомдук зыян келтирүүгө үлгүргөн уюшулган паспорттук мафияны жеңүү үчүн мамлекет эки жылдан бери иштеп жатканын белгиледи. Жалпы жарандык паспортторду жасалмалоодо коррупциянын масштабы абдан чоң болгон жана улуттук коопсуздукка шек келтирген.

 

 

516