7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине генералдык наамдарды тапшырды

437

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине жогорку наамдарды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы сыйлык алгандарды куттуктап, алардын артыкчылыктарын белгилеп, ошондой эле ак ниет эмгеги жана өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. 

Садыр Жапаров алардын эмгегин жогору баалаган бүгүнкү сыйлык Ата Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн жаратмандык жолунда жаңы бийиктиктерди багынтууга түрткү болоруна ишеним билдирди.

Ошол эле учурда ал генералдардан коррупцияга малынбай, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жазалана турганын эске тутуп, мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн берилгендик менен ак ниет кызмат кылуусун талап кылды.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги мындан ары да мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык кызматкерлерин материалдык жана социалдык шарттар менен толук камсыздай берерин баса белгиледи. 

Эске салсак, буга чейин Мамлекет башчысынын жарлыктары менен укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын төмөнкү кызматкерлерине генералдык наамдар берилген:

—              КР Башкы прокурорунун орун басары Сагындык Мукашовго «юстициянын генерал-майору» аскердик наамы;

—              КР Башкы прокурорунун орун басары Кубан Адыл уулуна «юстициянын генерал-майору» атайын наамы;

— Баткен облусунун ИИБ начальниги Мурат Бороновго «милициянын генерал-майору» наамы;

— КР ИИМ Академиясынын начальниги Тариель Абитовго «милициянын генерал-майору» наамы;

— Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековго «бажы кызматынын генерал-майору» наамы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

438