Жаңы жылдан кийин Жалал-Абадда жаңы аэропорттун курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Каракол шаарындагы эл аралык аэропорттун ачылыш аземинде билдирди.
«Биздин авиация тармагыбыз бутуна туруу, өнүгүү этаптарын ийгиликтүү өтүп жатат. Өлкөбүздө туруктуулук, коомубузда ынтымак өкүм сүрүп, элибиздин колдоосу болуп турса, албетте, көздөгөн максаттарыбызды ишке ашырабыз.
“Казарман” жана “Кербен” аэропорттору модернизациядан өттү. Учурда “Нарын” аэропортун калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Кудай буюрса, сатып алган төрт учагыбыздын үчүнчү учагы май айында келет. Казарман-Бишкек, Нарын-Бишкек, Кербен-Бишкек, Каракол-Ош, Талас-Ош сыяктуу аба каттамдары майдан баштап уча баштайт. Төртүнчү учак келе жаткан жылдын аягында келет. Ошондон кийин өлкө ичиндеги аба каттамдарды толугу менен “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик компаниябыз өзү аткара баштайт. Баасы дагы азыркы жеке менчик компаниялардыкына караганда арзан болот.
Ошондой эле “Манас”, “Ош” эл аралык аэропорттору реконструкцияланып жатат. Жаңы жылдан кийин Жалал-Абадда жаңы аэропорттун курулушу башталат»,- деди өлкө башчы.