“Каракол” аэропортунун ачылышы Ысык-Көл облусунун өркүндөп-өнүгүүсүнүн символу болуп калсын! Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Каракол шаарындагы эл аралык аэропорттун ачылыш аземинде билдирди.
«“Каракол” аэропортунун ачылышы – бул башталышы гана деп туралы. Эмки милдет – өлкөбүзгө келген туристтердин Каракол шаарына жөн эле келип-кетишин камсыз кылбастан, аларды кыргыз элинин меймандостугун, жылуу мамилесин сезе тургандай, жаратылыштын кооздугуна шыктанып, көл кылаасынын кайталангыс маданиятына суктангыдай кызыктуу борборго айландырууга багыт алалы! Туристтерге сый мамиле жасайлы, туугандар.
Мына Жыргалаң-Бозучук-Акбулак лыжа базасынын курулушу башталып жатат. Жакынкы жылдары бул жерлерде Орто Азия жана КМШ өлкөлөрү боюнча эң чоң жана эң ыңгайлуу шарттары менен “Кыргыз Куршевель” лыжа базасы ишке кирет. Мына ушул аэропорттон болгону 70 километр аралыкта. Сезондо эле миллион туристти кабыл алууга кубаты жетет. Жылы бою иштеген база болот. Мына ошондуктан өлкөбүзгө келген туристтерди сый мамиле менен тосуп алып туралы.
Учурдан пайдаланып, “Каракол” аэропортун кайра калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашырууга билимин, тажрыйбасын, күчүн жумшаган куруучуларга, долбоор түзгөндөргө, инженерлерге, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жана эл аралык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем.
“Каракол” аэропортунун ачылышы Ысык-Көл облусунун өркүндөп-өнүгүүсүнүн символу болуп калсын! Аба дарбазабыз алдыда далай жылдар бою элибизге, меймандарыбызга, туристтерибизге кызмат кылган ак жолтой жайга айлансын! Жаңы аэропортубуз баарыбызга кут болсун!»,- деди өлкө башчы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram