Бишкек – Каракол аба каттамы боюнча билет баасы бир тарапка 3100 сомду түзөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдирди.
Жүргүнчүлөр үчүн 1-каттам 22-декабрь күнү Бишкек — Каракол багыты боюнча аткарылат. Авиабилеттер asmanairlines.kg тиркемесинде сатылат.
Эске салсак, бүгүн Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт салтанаттуу түрдө ачылды.
«Каракол» эл аралык аэропорту 1971-жылы түптөлүп, учуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилген. Анда Як-40, Л-410, Ан-2, Ан-26, Ан-28 сыяктуу учактарды жана бардык типтеги вертолетторду кабыл алчу.
Аэропорт 2018-жылы Дубай – Ташкент – Бишкек – Каракол каттамы боюнча акыркы чартердик рейси кабыл алган. Андан кийин аэропорт ишин токтоткон.
Өкмөттүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы токтому менен “Каракол” аэропортуна эл аралык макам ыйгарылган.