7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент жергиликтүү сотторго бир нече судьяларды дайындады

840

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустук, Бишкек шаардык, борбор калаадагы Ленин райондук, Свердлов райондук сотторунун судьяларынын кызматтык ыйгарым укуктары аяктаганына байланыштуу жаңы судья дайындоо боюнча Судьяларды тандоо кеңеши Президентке 10 талапкерди сунуштаган.

Тийиштүү органдар тарабынан берилген мүнөздөмөлөрдү, кошумча материалдарды карап чыгып Президент Садыр Жапаров талапкерлерди кызмат орундарга бекиткен Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, судьялар төмөнкү аймактарга жөнөтүлдү:

  • Ош облустук сотуна:

Атаев Замирбек Исмаилович

Жунусов Заурбек Турдубаевич

  • Жалал-Абад облустук сотуна:

Калыков Бакыт Усенканович

Султанканов Бактыбек Султанканович

  • Ысык-Көл облустук сотуна:

Кудабаева Гүлбара Ишенова

  • Нарын облустук сотуна:

Дүйшөнбекова Майрагүл Мырзабековна

  •  Бишкек шаары
  1. Бишкек шаардык сотуна:

Бектемирова Салтанат Кубанычбековна

Өмүралиева Анара Медербековна

  1. Ленин райондук сотуна:

Кайыпов Самат Таштанович

  1. Свердлов райондук сотуна:

Назирдинова Чолпон Жыргалбековна

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

841