Маркум Рахман Разыковдун жаназасында коштошуу сөзүнө чыккан сахналаш досу, куудул Күмөндөр Абылов, Разыковдун эмгеги опол тоодой экендигине карабай өкмөт тарабынан бааланбай калганын баса белгилеп өттү.
«Өлбөйт деп ойлойт экенбиз, өтүп кетээрин билбейт экенбиз. Ошол үчүн бири-бирибизди кадырлабайт экенбиз. Рахман досумдун кылган эмгегин эл билет! Талаа артисттери, көчө артисттери деп өкмөт тараптан гана бааланбай калды. Толук бааланбай калды. Мен өкмөттүк театрда иштегендигим үчүн гана андан жогорураак наамга ээ болдум окшойт. Бирок, кеп наамда эмес. Элдин эсинде калууда болсо керек. Рахмандын артында канчалаган чыгармалары калды, айткан сөздөрү калды. Аркасында тарбиялаган шакирттери калды. Өзүнүн уулдары калды. Ээнсиреп үй жайы калды«- деп айлайт Күмөңдөр Абылов.
Ал эми, куудул Абдылда Иманкулов август айларына жаңы чоң программадагы концерт даярдап жүрүшкөнүн, ал эми эскерүүгө айланаарын айтты.
Сахналаш достору дээрлик баардыгы, маркум жакында саясий сатираларга, лирикалык поэзия, дастандар жазылган чоң көлөмдөгү китеби жарык көрүү алдында калгынан эскеришти.