7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пара талап кылууга шектелип кармалган Азамат Дыйканбаев абактан Президентке кат жолдоду

3849

Ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалган Санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев адвокаты Кайсын Абакиров аркылуу президентке ачык кат жолдоду. Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыра турган кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы менен келишимди узартпай койгону үчүн камакка алынганын айткан.

Дыйканбаевдин жазганына караганда, кытайлык компания кепилдик акчаны төкпөгөндүктөн келишим узартылган эмес.

Катта президент Садыр Жапаровдун, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун, президенттин Эрнис аттуу жардамчысынын, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) аты аталган.

Анын айтуусунда, кытайлык компания менен келишимди узартууну суранып Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, президенттин Эрнис аттуу жардамчысы телефон чалган.

Жардамчы кытайлык компаниянын катына президенттин «аткарылсын» деп резолюция койгон кагазды көрсөткөнүн, бирок ал өкмөттүн да министрликтин да канцеляриясында жок болуп чыкканын жазган.

Дыйканбаев ар бир жыйналышта президенттин атына жамына берген кытайлык компанияга «керек болсо президент менен Министрлер кабинетинин төрагасы телефон чалса да, келишимди мындай түр менен узартпайм» деп, эң чоң ката кетиргенин жазган.

Адвокат Кайсын Абакировдун айтуусунда, кайсы бир күчтөр Дыйканбаевдин жыйналыштагы билдирүүсүнөн 15 секунддук сөзүн кесип алып, Жапаровго көрсөтүшкөн. Президенттик аппарат буга комментарий бере элек.

20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камалган.

Мекеменин маалыматына караганда, Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шек саналууда. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазып, Жазык кодексинин «Пара талап кылуу» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.

35 жаштагы Дыйканбаев кызматка эки апта мурда дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы ишке кирип, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видеокамералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырган.

Ал эми «Коопсуз шаар-2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, Shenzhen Sunwin компаниясы жеңүүчү деп табылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3850