Ноокат районундагы Ынтымак айылына “Стандарт Цемент” ишканасы суткасына 3 миң 500 тонна кубаттуулук менен цемент заводун курат.
Ноокат районуна жаңыдан аким болуп шайланган Данияр Иманалиев райондун борборунан алыс жайгашкан Ынтымак айылына барып, жаңы цемент заводунун кулурушунан кабар алды.
Аталган завод ишке кирсе жеринде 300-350 жаран жумуш менен камсыз болот. Курулуш иштерин 2021-жылдын 3-кварталында баштоо күтүлүүдө.