7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент жубайы менен бирге Франция президентинин атынан кабыл алуу иш-чарасына катышты

670

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрондун атынан мамлекет башчыларын жана биринчи айымдарды кабыл алуу иш чарасына катышты.

Кабыл алуу Париж тынчтык форумуна катышкан мамлекеттердин башчыларынын урматына өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров күн мурун Париж шаарына (Франция) иш сапары менен келди. Мамлекет башчысы Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета» саммитинин ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

 

 

671