7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президентке туура эмес маалымат берген аял Ташиевден кечирим сурады

363

Ноокаттын тургуну президент менен жолугушууда депутат Шайырбек Ташиевге жалаа жапкан. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Күн мурун президент Садыр Жапаровдун Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин иштетүү боюнча жергиликтүү эл менен жолугушуусунда 1966-жылы туулган Ноокат районунун жашоочусу Зебиниса Асанова Абшыр-Ата эс алуу аймагынын үстүндө алтын кени бар экенин, аны Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин жетекчилиги астында мыйзамсыз иштетүү башталганын айтып, бул маселе боюнча чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча өлкө президентинин тапшырмасы боюнча УКМК органдары тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталды.

Учурда Ноокат районунун аймагында көмүр, чопо, сланец таштары, гипс жана башка пайдалуу кендер иштетилип жатат. Облус аймагында Араван району менен чектеш Көк-Бел айыл аймагында жайгашкан, Абшыр-Ата аймагынан алыс жайгашкан Турук кенинен башка (иштетилбеген, натыйжалуулугу төмөн) алтын кени жок.

Сурамжылоо учурунда КР жараны З.Б.Асанова айткан, Ш.Ташиев башкарып, иштетип жаткан алтын кени тууралуу маалымат такталбаган жана ушак-айыңдардын деңгээлинде экендиги аныкталган. Анткени ал бул маалыматты кимден укканын так кесе айта алган эмес.

Аталган жаранга текшерилбеген фактыларды айтуу менен, өзгөчө мамлекет башчынын алдында башка бирөөгө жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн жоопкерчиликтүү экени айтылды.

З.Асанова күнөөсүн мойнуна алып, такталбаган жана жалган маалымат менен өлкө президентин адаштыргандыгын белгилеп, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатынан ага карата акаарат келтиргендиги жана атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн эл алдында кечирим сураган.

 

 

 

 

364