7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сауд Аравияда ажылык учурунда каза тапкандардын саны миңге жетти

355

Сауд Аравияда ажылык учурунда каза тапкандардын саны миңге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, адамдардын көз жумушуна күндүн катуу ысышы себеп болууда. Меккедеги абанын температурасы дээрлик 52 градуска чейин жогорулады.

Күн мурун Меккеде жүргөн россиялык үч зыяратчы каза болгондугу айтылган. Алар ден соолугуна жана жаш курагына байланыштуу көз жумган. Каза тапкандардын сөөктөрү Меккеде жерге берилет.

Эске салсак, буга чейин каза тапкандардын 323ү Египеттин жараны, 11и ирандык зыяратчы экендиги кабарланган.16-июнда Reuters агенттиги Сауд Аравияда Иорданиянын 14 зыяратчысы көз жумса, дагы 17си дайынсыз болуп жаткандыгын маалымдаган. Учурда Меккеде жалпысынан 1,8 миллиондон ашык зыяратчы жүрөт.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан ажылык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдиришкен. Учурда 6060 жаран Сауд Аравияда ажылык амалдарын аткарып жүрүшөт. Алардын алгачкы тобу эртеңден тарта өлкөгө кайта баштайт.

356