7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик шайлоодо коомдук коопсуздукту сактоо үчүн 11 миң милиция тартылат

210

Президенттик шайлоодо коомдук коопсуздукту сактоо үчүн 11 миңге чукул милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, ИИМ шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө ыкчам кырдаалды анализдөө менен бирге мыйзамдуулукту сактоо багытында мыйзам чегинде ыкчам чечимдерди кабыл алууну уюштурат.


«Кызматкерлерге үгүттөө жана шайлоо учурунда жарандардын укугун жана коопсуздугун, коомдук тартипти сактоо менен гана ишмердүүлүгун жүргүзүп, шайлоо участкаларынын көзөмөлдөп, тартип бузууларды болтурбоо, анын алдын алуу иштерин күчөтүп, шайлоо комиссияларынын ички ишине кийлигишпөө тапшырмалары берилди. Республика боюнча 2 миң 420 шайлоо участкаларында коомдук тартипти 11 миңге чукул милиция кызматкери камсыздайт. Ар бир шайлоо участкаларында милиция кызматкерлери жана жооптуу жетекчи бекитилди», — деп берилет маалыматта.


Белгилей кетсек, президенттик шайлоо референдум менен бирге 10-январда өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

211