Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Майлуу-Суу шаарынын тургундарына гуманитардык жардам жөнөтүлүп, жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилди.
Жергиликтүү тургундарга 25 кг ун, 10 кг кум шекер жана 5 литр өсүмдүк майы камтылган жардам шаардагы 810 үй-бүлөгө берилди.
Эскерте кетсек, катуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарында суу түтүктөрү тоңуп, натыйжада калкка жылуулук жана таза суу берилбей калган. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп, тоңгон суу түтүктөрүн калыбына келтирүү боюнча 9 чакырым аралыкта эритүү иштери жүргүзүлүп, 23-январдан тарта 6 чакырым аралыгында эритүү аракеттери жүргүзүлүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram