Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында №3 отказан иштей баштап, 375 абонентке жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу ӨМКден билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда кезек-кезеги менен үйлөргө жылуулук берилип баштады.
Майлуу-Сууда №3 отказанды кайрадан иштетүү үчүн жаңы 500 метр узундуктагы желим түтүк Майлуу-Суу дарыясына чейин тартылып, суу насосу орнотулган. Ал эми буга чейин 1 миң 234 абонентти жылуулук менен камсыздаган №1 жана 198 абонентке жылуулук берген №4 отказан ишке берилген.
Шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында дагы да болсо суу түтүктөрүн эритүү иши жүрүүдө.
Азыркы тапта шаарда жалпы 243 кызматкер, суу ташуу үчүн төрт өрт өчүрүүчү унаа жана бир экскаватор, бир трал, 44 техника кызматкер тартылды.
Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган.