Чолпон-Ата шаарындагы кафеде белгисиз жаран кызды салфетка салгыч менен уруп жиберген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук милицияга 25 жаштагы айым арыз менен кайрылган. Анда арыздануучу, Чолпон-Ата шаарынын кафелеринин биринде жумуш учурунда белгисиз азия улутундагы жаран эч себепсиз салфетка салгыч менен башына уруп, денесине залал келтиргенин билдирген.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери, кафеде орнотулган видео көзөмөлгө түшкөн тасманы изилдеп чыгышып, көп узабай шектүүнү кармашкан. Ал Чолпон-Ата шаарынын 27 жаштагы тургуну, мурда кылмыш жообуна тартылган Ы.Б. болуп чыкты. Шектүү катары кармалган жаран райондук милициянын тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн алып келинген.
Райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан орун алган окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280 (Ээн баштык) беренеси менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.