7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Беларустун президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

631

Президент Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко бүгүн, 23-январда, телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен кызуу куттукташты.

Отуз жылдын ичинде өлкөлөр ортосунда өз ара урматтоонун жана өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн достук мамилелер өнүгүп келе жатканы тууралуу лидерлердин пикири бир чыкты. Эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплекси, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда бара-бара өнүгүп келе жатат.

Президент Садыр Жапаров кыргыз жана белорус элдеринин достук байланыштары кылымдар бою сыналып, бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

Тараптар аймактык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кыргыз-белорус кызматташтыгын активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

632