7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

345

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А соттун чечими менен 11-январга чейин камакка алынды. Баткен облустук сотунун маалыматы боюнча, ал Оштогу тергөө абагында кармалат.

УКМК президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалганын 24-ноябрда билдирген.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Бул фактыга «опузалап пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Кеңешчисинин кармалышы боюнча президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 25-ноябрда видео кайрылуу менен комментарий берип, бул окуяга тиешеси жоктугун, пара алган кеңешчисинен муну күтпөгөнүн, эми ал мыйзам алкагында жооп бериши керектигин, коррупцияга каршы бийликтин жүргүзүп жаткан иштерин толук колдой турганын айткан.

Атайын кызмат М.Т.А. аттуу кеңешчинин аты-жөнүн тактаган жок. Бирок анын инициалы Талантбек Мамытовдун атына туура келет. Ал учурда президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси. 2020-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо «Мекенчил» партиясынан тизме менен талапкер болуп катышкан.

346