Алдамчылар Айсулуу Тыныбекованын атын жамынып, кыргызстандыктардын акчасын алып жатышат. Бул тууралуу чемпион өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
“Достор, мен эч кандай лотерея, сынак жана башка акцияларды өткөрбөйм деп айтуудан тажабайм. Урматтуу кыргызстандыктар, социалдык тармактардагы шектүү жарнамаларга ишенбеңиздер! Бүгүнкү күндө сак болуп, мүмкүн болгон алдамчылык схемалардан абайлоо керек. Текшерилген маалымат булактарына ишениңиздер” — деди ал.
Ошондой эле, ал өзүнүн расмий баракчаларынын бөлүштү.