7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин чечими: Мындан ары аба каттамдарынын билет баасы кескин кымбаттабайт

4

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2026-жылга карата өлкө ичиндеги аймактарга болгон аба каттамдарга баалар базар баасынан төмөнкү чекте белгиленди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматка ылайык, ортодогу айырма Турукташтыруу фондунун каражаттары менен жабылып турат.

Башкача айтканда, мурдагыдай болуп кайсыл бир аймакка уча турган каттамдын билеттери акыркы саатта кескин кымбаттап кетпейт.

«Кыргызстанда жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга, аймактык байланыштарды чыңдоого жана өлкө боюнча транспорттук инфраструктурага бирдей шарттарды түзүүгө багытталган «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында масштабдуу программа ишке ашырылууда.

Президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу жана кубаттоосунун аркасында өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын багыттары боюнча туруктуу, социалдык багыттагы тарифтер менен ички аба каттамдардын тармагы кеңейүүдө.

Бул демилге социалдык мүнөзгө ээ жана Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн гана ишке ашырылууда.

Буга чейин ички каттамдар боюнча билеттердин баасы рыноктук принцип боюнча түзүлүп, жүктөмгө, мезгилге жана суроо-талапка жараша белгиленип келген.

Мындан улам учуулар туруксуз, баасы боюнча көпчүлүк жарандар үчүн жеткиликсиз жана алыскы аймактардын жашоочулары үчүн өзгөчө оор болгон.

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун чечими менен мамлекет бул жааттагы туруктуулукту камсыздап, чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды.

Демилге аймактардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга; ички туризмди колдоого; региондордогу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө; өлкөнүн резиденттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Нарын, Талас, Казарманга каттамдар мурда жумасына 1 жолу аткарылчу. 4-январдан баштап бул багыттар боюнча жумасына 2 жолудан каттам аткарылат», — делет маалыматта.

5