7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин иш башкаруучусу: Биз жаңы автобекетти куруп баштадык. Сабыр кылып турсаңыздар

261

Бишкек шаарында жаңы автобекет курулууда. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ага чейин Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу пайдаланып турууга автобекет даярдаган.

«Урматтуу туугандар, Бишкек шаарынын жашоочулары. Биз жаңы автобекетти куруп баштадык, ага чейин убактылуу пайдаланып турууга автобекет мэрия даярдаган. Эки күндөн бери эле “кокуй автовокзалдын абалы ушулбу!”-деп талкуу жараткан блогерлерди байкап жатам. Башка өлкөнүн вокзалдары менен салыштырып, шылдыңдоо кылгандар дагы бар. Элге шарт түзөлү, жаңы куруп берели деген максаттарыбызды, айрымдар бурмалап тепкиге алып жатасыздар. Мындай кылбаңыздар, уят туугандар. Андан көрө элдин кызыкчылыгына багытталып жасалган жумуштарды колдоп турбайсыздарбы? Сабыр кылып турсаңыздар урматтуу президентибиз тапшырма койгон, кийинки жылы жаркыраган автобекеттүү болосуздар», — деп жазды ал.

262