7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддагы Р.Санатбаев атындагы спорт мектеби оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

309

Бүгүн, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин абалы менен таанышты.

Бул спорт мектептин имараттары 1969-жылы курулуп, учурда оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал эми спортчулар көп болгондуктан, кошумча имарат куруу да зарылчылыгы бар.

Ташиев спорт мектебинин бардык шарттары менен таанышып чыгып, тийиштүү жетекчилерге бул мекемени толугу менен оңдоп-түзөөнү жана боксчулар үчүн атайын спорт зал курууну, мектеп аймагын көрктөндүрүп, спортчулар үчүн зарыл болгон заманбап шарттарды тузүүнү милдеттендирди.

Оңдоп-түзөө жана курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, келээрки жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Ташиев Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин жаш спортчулары менен баарлашып, аларга спорт менен талыкпай машыгып, Кыргызстандын желегин дүйнөгө желбиретип, мекенди сүйүү жана ага берилгендик менен кызмат кылууга умтулуу зарылдыгын, ал үчүн керек болгон шарттарды мамлекет толугу менен түзүп берүүгө бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү жетээрин айтты. Ошондой эле, саш боксчулар менен бокс ойноп, дем күч берди.

Раатбек Санатбаев спорт мектебинде спорттун 5 түрү эркин күрөш, грек-рим курөшү, кыздар күрөшү, бокс жана футбол боюнча машыгуулар өткөрүлөт. Учурда аталган жайда 1000 бала машыгат.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

310