7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин катышуусу менен Каракол шаарында Сот адилеттиги үйү ачылды

414

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапардын алкагында Каракол шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын сот тутумунун тарыхында биринчи жолу Сот адилеттиги үйү ачылып, бир имаратта Ысык-Көл облустук соту, Каракол шаардык соту жана Ысык-Көл административдик соту жайгашат. Бир катар жергиликтүү сотторду бир жерге жайгаштыруу менен көптөгөн маселелер чечилип, мурда колдонулган имараттар бошотулду.

Буга чейин бул имарат чек арачы-аскерлер үчүн 500 орундуу жатакана (казарма) катары пайдаланылган, ал эми 2021-жылдын сентябрь айында Сот адилеттиги үйүнө ылайыктап, капиталдык оңдоосу башталаган.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чараны өлкөнүн сот тутумундагы өтө маанилүү окуя катары белгиледи. Анткени бул Сот адилеттиги үйүнө сот тутумундагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн башаты болот деген чоң үмүт артылып отурат.

“50 жыл өткөндөн кийин бүгүнкү күндө имаратка жаңы дем берилип, багыты өзгөртүлүп, өлкөбүздүн сот тутумуна жана калыстыкты туу туткан элибизге кызмат кылганы турат. Өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүздү эске алуу менен мамлекеттин ар бир мүлкүн натыйжалуу пайдаланууну туура таап олтурабыз. Бир катар соттордун бир жерде жайгашуусу менен, курьердик иштерге байланыштуу, убакыт менен каражат чыгымдары кыйла үнөмдөлүп, “бирдиктүү терезе” принциби аркылуу ыңгайлуу шарттар түзүлөт”, — деп ырастады Президент.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө сот адилеттигин ишке ашырууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу — эң маанилүү иштерден болуп саналарын кошумчалады. Ошондуктан имараттын сот отурум залдары санариптештирүүнүн алкагында тиешелүү жабдыктар менен жабдылды.

“Соттордун ишинде заманбап маалымат технологияларынын колдонулушу — сот адилеттигин ишке ашыруу процессин оптимизациялоонун бирден-бир артыкчылыктуу багыты. Электрондук сот өндүрүшүнүн киргизилиши менен сот адилеттигинин максималдуу ачыктыгына жана жеңилдигине гана эмес, ошондой эле сот иштеринин ачык-айкындуулугу менен сапатын жогорулатууга, өз мөөнөтүндө каралуусуна чоң өбөлгө түзүлөрү шексиз. Ошондуктан замандын алдыңкы маалымат жана башка технологияларын кеңири колдонууга багытталган иштерди ыкчамдатуу максатка ылайык деп эсептейм. Соңку бир жылдын ичинде сот реформасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан маанилүү иштердин негизги максаты – судьялар кынтыксыз иштеп, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн жогорку сапатын камсыз кылып, элдин үмүт-тилегин актоо болуп эсептелет”, — деп белгилеген Президент,  жамы журтубуздун сот бийлигинен күтүп жатканы дагы – дал ушул маселе экенин кошумчалап кетти.

Ошону менен бирге Мамлекет башчы соттордун иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесине токтолду. Ротация болгон судьяларды кызматтык турак жайлар менен камсыз кылуу, соттор үчүн заманбап имараттарды куруу жана облустардын борборлорунда Сот адилеттиги үйлөрүн ачуу иштери мындан ары дагы улантыла турганын эске салды.

Сөзүнүн соңунда Президент Садыр Жапаров жаңы Сот адилеттиги үйүнө ийгилик, элибиз үчүн ак кызмат кылган, ишеничин актаган ак жолтой үй болушун каалады.

Белгилей кетсек, 5 кабаттуу Сот адилеттиги үйүнүн имаратында заманбап лифт орнотулган, бардык категориядагы жарандар, жалпы эле сот процессине катышкандар үчүн талапка жооп берерлик шарттар түзүлгөн. Айыпталуучулар үчүн бүгүнкү күндүн талабына ылайык келген заманбап убактылуу кармоочу жайлары бар.

Ошондой эле кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн ашкана жана спорт менен машыгуу жайлары бар. Жакынкы арада мини-футбол аянтчасын куруу пландалууда. Сот отурумдары өтүүчү залдардын эмеректери, судьялар менен башка кызматчылардын иш бөлмөлөрү да толугу менен жаңыланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

415