7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
11°C

Депутаттар билим берүү министринин кызмат ордуна Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырышты

246

Бүгүн, 1-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Каныбек Иманалиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Алгач талапкер тууралуу президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов учкай маалымат берди.

Өз кезегинде талапкер билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасына кеңири токтолду. Иманалиев заманбап билим берүү системасына коюлуучу бардык негизги тенденцияларды, өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын эске алуу менен бул тармакты реформалоо зарылдыгын белгилеп, бардык күч-аракетин, билимин жана тажрыйбасын улуттук билим беруу системасын өнүктүрүү үчүн жумшай турганын убадалады.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү ата мекендик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуу программаларынын мазмунун модернизациялоо, жаңы мектептерди куруу, санариптик окутууну өнүктүрүү, ошондой эле педагогикалык кадрлардын потенциалын жогорулатуу, мугалимдерге стимул берүү жана башка актуалдуу сунуштарды айтышты.

Алсак, депутат Азизбек Турсунбаев мектептерди керектүү материалдык-техникалык база, окуу китептери менен камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билим берүү тармагын реформалоо, билим берүү инфратүзүмүн жакшыртуу маселелерине көңүл бурду. Депутат Дастан Бекешев белгилегендей, заманбап билим берүү системасы балдарды ойлонууга, маалыматты талдоого үйрөтүшү керек. Мындан тышкары, ал майып балдардын керектөөлөрүн эске алып, инклюзивдүү билим берүү принциптерин киргизүүнү сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Каныбек Иманалиевди дайындоого макулдук берилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

247