7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
10°C

Сокулукта 2 жаран тарабынан зордукталган бала боюнча милиция үн катты

1810

2021-жылдын 7-июнунда 82 жаштагы жаран милицияга кайрылган. Анда, 2021-жылдын март айынан бери Төмөнкү-Чүй айылындагы талаада 2010-жылы туулган баласына карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган эки жаранга чара көрүүнү суранган.

Бул арыз Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 162 беренеси(сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул факты боюнча бардык зарыл экспертизалар дайындалып, арыз ээси, ошондой эле мыйзамдуу өкүлдүн жана социалдык кызматкердин катышуусунда, жашы жете элек бала, мындан тышкары, 2001-жылы туулган жаран суралган. Тергөөнүн жүрүшүндө арыз ээси тосмо арыз жазган. Анда ал зордуктоо фактысы болбогондуктан, сотко чейинки өндүрүштү токтотууну суранган жана уулу ачууланып, жогорудагы адамдарга жалаа жапкан, ошондой эле дарыгерлер баары жайында экенин тастыкташканын айткан. 

Ал эми, 2021-жылдын 12-июнунда Сокулук РИИБдин тергөөчүсү тарабынан кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Чечимдин негиздүүлүгүн текшерүү үчүн сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Сокулук районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

«Кылмыш иши адвокаттын өтүнүчү боюнча кайра улантылып, ошондой эле КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси 155-беренесине (зордук-зомбулук көрсөтүү) кайра классификацияланган. (сексуалдык мүнөздөгү аракеттер). Адвокаттын өтүнүчү менен комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок комиссиялык экспертизанын корутундусу даярдала элек, ага байланыштуу тергөө мөөнөтү аяктагандан кийин кылмыш иши токтотулган. Ушул жылдын 28-февралында Сокулук районунун прокуратурасы ишти 1 айлык мөөнөткө токтото туруу чечимин жаңырткан. Учурда тергөө иштери уланууда»,- деп билдиришти Чүй ОИИБден.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1811