7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата куттуктоосу

558

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Кымбаттуу мекендештер!

Урматтуу кыргызстандыктар!

5-май – эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө маанилүү күн!

Конституция күнү — элибиздин эркиндигинин, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн, жаратмандык менен мээнет кылуунун жана адилеттүү, өнүккөн коом куруунун майрамы.

Бул күн баарыбызды мыйзам ченемдерин урматтоого, адам укуктарын баарынан бийик коюуга, өз укуктарыбызды коргой билүүгө, ошону менен бирге ар бирибиздин коомчулук алдындагы өз милдеттерибизди сезүүгө үндөп, келечек муун алдында биздин зор жоопкерчилигибиз бар экенин эскертип турат.

Баш мыйзамыбыздын укуктук маңызы гана эмес, руханий жана маданий мааниси да бийик. Элибиздин келечек мүдөөсү менен дүйнө таанымын чагылдырып, өлкөбүздүн өнүгүү багытын аныктоочу пайдубал катары кызмат кылат.

Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Бул баалуулукту барктай да, баалай да билүүгө тийишпиз.

Баш мыйзамыбыздын ченемдерин кыйшаюусуз аткарууну сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили катары кабылдашыбыз абзел.

Биздин негизги милдетибиз Конституцияда камтылган баалуулуктарды карманып, анын ченемдерин бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү болуп саналат.

Кадырман кыргызстандыктар!

Укуктук таянычыбыз жана башкы тирегибиз болгон Конституциябыздын күнү менен дагы бир жолу куттуктаймын!

Баштаган реформаларыбыз жүзөгө ашып, көздөгөн максаттарыбызга жетели.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр, бейпил турмуш, бардар жашоо каалаймын.

Майрамыңыздар кут болсун!”.

559