7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин сынынан кийин бир аптада «Кыргызфармацияга» 1 млрд сом бөлүндү

911

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Каражат министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүнгөн. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу каралган.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, анда Саламаттык сактоо министрлигин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алган. Буга «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен каражат бөлүнбөгөндүгү себеп болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

912