7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтөт

736

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот.

Жыйында Министрлер Кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле Министрлер Кабинетинин 2023-жылга иш планы каралат.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик Администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Министрлер Кабинетинин жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.

Көрсөтүү саат 14:00дө башталат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737