7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү эл менен жолугушууларды өткөрөт

623

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуулар өлкө жарандарынын жер-жерлердеги курч көйгөйлөрүн ыкчам кароо, орун алган маселелерди жеринде чечүү максатында өтөт.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелердин чечилишин контролдоо президенттин администрациясы тарабынан жүргүзүлөт.

«Иш-чаралар бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин жолугушууларына бардык кыргызстандыктарды активдүү катышууга чакырабыз», -деп берилет маалыматта.

Жолугушуу ГРАФИГИ (1) (8)

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

624