Бүгүн, 31-июль Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы жеке баракчасына жаңы пост жазып, ал адаттагыдай эле интернет колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынууда.
Президент бул ирет, «Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек!»- деп жазган.
Билдирүүнү 400 интернет колдонуучу бөлүшүп, 500гө жакын ар түрдүү пикирлер жазылган.
Анда, абакта жаткан Алмазбек Атамбаев, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Жеңиш Молдокматов сыяктуу саясатчыларды бошотууну сурап жазгандар көп.
Президенттин интернет желесиндеги бул кадамын коомдун пикирин билүугө болгон ынтызарлык катары баалагандар да бар. Анткени, пикирлердин арасында чындыгында актуалдуу окуялар, кылмыштуу фактылар да жазылууда.