31-июлга карата коронавирустан Бишкектен — 7, Чүйдөн – 4, Таластан 1 жана Ысык-Көлдөн 2 бейтап көз жумду. Ал эми бир сутка ичинде 1 580 бейтап айыгып, 919 жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 831 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 860 адам дарыланууда.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында – 515,
- Ош шаарында – 6,
- Чүй облусунда – 154,
- Ош облусунда – 29,
- Талас облусунда – 10,
- Нарын облусунда – 23,
- Ысык-Көл облусунда – 50,
- Жалал-Абад облусунда – 73,
- Баткен облусунда – 57.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 162 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 144 миң 564 киши айыгып чыкса, 2 миң 325 адам каза болду.