7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн алдамчы жаран кармалды

202

Ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында президенттин туугандарынын атына жамынып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет.

Жеке баюу максатында ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун ишенимине кирип, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга президенттин жакын туугандары тарабынан максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүгө убада берген Ч.Ж.Н. аттуу жаран аныкталды. Бул үчүн ал колдоочу делгендерге өткөрүп берүү үчүн, 10 миңден 20 миң АКШ долларына чейин акча талап кылган.

Ошол эле учурда Ч.Ж.Н.  ар кандай шылтоолор менен же формалдуу негиздер боюнча жеке бизнес-долбоорлордун атын жамынып, бир нече жолугушууларды андан ары ишке ашырбастан уюштурган. Белгилей кетүүчү нерсе, демилгеленген инвестициялык долбоорлор жеке адамдардын эмес, мамлекеттин компетенциясына кирет.

Иш жүзүндө Ч.Ж.Н. алган акчалардын баарын жеке муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн сактап, ал эми инвесторлорго мамлекетке зыян келтирүү менен, алардын кызыкчылыктарын андан ары лоббирлөөгө кепилдик берилген.

2025-жылдын 18-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында Ч.Ж.Н. кезектеги жолугушууну уюштуруу үчүн 7 миң АКШ доллары өлчөмүндө акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган.

КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, аталган Ч.Ж.Н. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда Ч.Ж.Н.нын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жапа чеккен иштин бардык жагдайларын, башка тиешеси бар адамдарды жана башка инвесторлорду аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК өлкөнүн инвестициялык мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эске салып, мындай аракеттер чет элдик инвесторлордун арасында терс пикирди калыптандырууга гана шарт түзбөстөн, мамлекеттин инвестициялык жагымдуулугуна жана өлкөнүн эл аралык имиджине олуттуу зыян келтирерин белгилейт.

Ушул сыяктуу фактылардан жапа чеккен жарандар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү 0312 62-05-85 номуруна кайрылса болот.

203