Өлкө жетекчилигинин жана башка адамдардын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын пара катары талап кылуу фактысы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирет.
Тактап айтканда, А.А.А. аттуу жаран өзүн президенттин кеңешчиси жана анын «жээни» жакын тууганы катары тааныштырып, баасы 50 млн. сомго жакын көмүр кенин чет элдик компаниянын менчигине өткөрүп берүүнү талап кылган. Ал укук коргоо органдарындагы байланыштарынан пайдаланып, көмүр кенинин ээсин кармоону уюштурууну көздөгөн. Ошол эле учурда ар кандай маселелерди чечүү үчүн өлкө жетекчилиги менен жеке тааныштыгын, үй-бүлөлүк байланыштарын жамынып жүргөн.
Бул боюнча УКМКга А.А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда эки жаран президент Садыр Жапаровдун атын жамынып, көмүр кенине ээлик кылууну көздөп жаткандыгын билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө аталган эки жарандын президент жана анын жакындары менен эч кандай мамилеси болгон эместиги такталган.
Алар УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин бардык катышуучуларын, ошондой эле кармалган адамдар тарабынан жасалган кылмыштын башка фактыларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары уланууда.