7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ленинградда өрттөн жабыркаган бир кыргызстандыктын абалы оор

209

Россиянын Ленинград облусунда кафеден чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын биринин абалы оор. Бул тууралуу ТИМден билдирди. 

16-февралда Ленинград облусунун Усть-Луга айылындагы жеке менчик кафеден өрт чыгып, анын кесепетинен 5 Кыргызстандын жараны ар түрдүү даражадагы күйүк алган.

«Бир кыргызстандык өтө оор абалда ооруканага жаткырылган. Эки жаран Ленинград облустук ооруканасынын күйүк борборунда дарыланууда, ал эми Кыргызстандын дагы эки жаранына биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Россиянын тергөө органы кылмыш ишин козгоду. Кыргызстандын Башкы консулдугу жабыркаган жарандардын жакындары менен тыгыз байланышта жана бул маселени көзөмөлгө алууда.

210