7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин ЖКдагы мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыкты

447

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи Май райондук сотунун 1-апрелдеги токтомуна ылайык, Дыйканбаев 24-майга чейин үй камагында болот.

Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, парламенттик шайлоо учурунда Дыйкаебаев тараптардын биринин кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин ага 7 миллион сомдон ашык акча которууга мажбур кылган. Ошол эле учурда, эгерде баш тартса, кызмат ордунан бошотуу менен коркуткан. УКМК буга чейин белгилегендей, Дыйканбаев бул акчаны шайлоо өнөктүгү маалында көбүрөөк добуш алышын камсыздоо үчүн жумшаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

448