7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Талаада күч колдонобуз» Ишкер айымды уурдоого шектелгендер кармалды

1970

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы адам уурдоого шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-апрель күнү ички иштер органдарына адам уурдоо жөнүндө арыз түшкөн.

10-апрель күнү болжол менен 22:00до Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө чала тааныш адам жабырлануучуну (аял киши) чакырып, ага күч колдонуп унаага салып кетишкен. Автоунаада отурган белгисиз адамдар аялды Ош-Алай унаа жолу менен алып кеткендиги жана коркутуу максатында уурдашканы маалым болгон. Адамдар жок талаада аны күч колдонобуз деп коркутушкан.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы тарабынан шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам чаралар көрүлгөн. 11-апрель күнү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда болжол менен саат 20:00до Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде Ош облусунун Алай районунун жашоочусу 1983-жылы туулган А.Э. аттуу шектүүнүн башкаруусундагы “Mitsubishi” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Мындан аркы көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине тиешеси бар Кара-Кулжа районунун жашоочусу 1978-жылы туулган А.С. менен Алай районунун 1982-жылы туулган П.С. кармалган. Бардык кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар мындай укукка каршы аракеттери менен тиричилик маселелерин чечип алууну көздөшкөн. Жабырлануучу аял чет мамлекетте иштейт жана ишкерлик менен алектенет. Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1971