Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Иранда өткөн эла арлык Имам Реза 1-Кубогунда ийгилик жаратты.
Маалыматка ылайык, спортчу 10 миң метр аралыкта 32:12.01 көрсөткүчү менен алтын медаль тагынса, 5 миң метр аралыкта 14:37.98 көрсөткүчү менен коло медалдын ээси болгон.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 11-12-апрель күндөрү Али Бангбанбашинин элесине арналып өткөрүлгөн.
Ошондой эле башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаедин жетекчилиги алдында аталган мелдешке Мусулман Жоломанов, Тимур Исаков, Суймонкул Расул уулу, Жусуп Сулайман уулу катышты.