7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Профессионалдык бокс турнирин Мунарбек Сейитбек уулу ийгиликтүү баштады

350

Күн мурун кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокстогу алгачкы беттешин ийгиликтүү өткөрдү.

Күн мурун “Бишкек Арена” муз майданында Кыргызстандагы алгачкы эл аралык профессионалдык бокс турнири болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Япониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулуп, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен болду.

Мунарбек Сейитбек уулунун атаандашы Угандадан келген мушкер Коннрад Серуенге болду. Беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарды.

Турнирдин жүрүшүндө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, Уганда жана Филиппиндин мушкерлери рингге чыгып, эл аралык деңгээлдеги таймаштар болуп өттү.

351